Page 63 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 63

МАССИВДЕРДИ ИШТЕТҮҮ АЛГОРИТМДЕРИ                                          63



            Ал үчүн nx өзгөрмөсү менен циклди колдонобуз, массивдин бардык эле-
            менттерин иргейбиз жана керек болгон маани табылса эле циклди аяктай-
            быз.

            a = [1, 5, 4, 31, 10] #5 элементи бар массив берилген
            x = int(input('Введите х: ')) #Изделген х маанисин киргизүү
            nx = 0 #nx өзгөрмөсү табылган элементтин номерин сактайт
            for item in a:                #а массивинин элементтери үчүн
                if item == x:             #эгерде элемент x ке барабар болсо
                    nx = item             #анда ал nx өзгөрмөсүнө жазылат
                    break                 #циклди аяктайт
            if nx > = 1:                  #nx – өзгөрмөсү өзгөрдү
                print ('Табылды!') #изделген маани табылды деп чыгарат
            else:
                print ('Табылган жок')
            Циклден чыгуу үчүн break оператору колдонулат, табылган элементтин
            номери «nx» өзгөрмөсүндө сакталат. Эгерде анын мааниси 0 боюнча калса
            (циклдин аткарылышында өзгөрбөсө), анда массивде х ке барабар элемент
            жок.

            Бул маселени дагы бир жол менен чыгарса болот. Ал үчүн массивде
            х ке барабар биринчи табылган элементтин индексин кайтарган index
            функциясын колдонуу керек:
            a = [16, 29, -5, -11, 23, 14, -7, 23, 18] #массивдин мисалы
            print (a.index (23))
            >>>
            4
            Эгерде массивде изделген элемент жок болсо, программа катаны кайтарат
            жана ишти токтотот.

            2-маселе. Массивде m өзгөрмөсүнө жазылып кала турган максималдуу
            элементти табабыз. Ал үчүн массивдеги бардык элементти биринин ар-
            тынан экинчисин карап чыгуу керек. Эгерде массивдин берилген элементи
            мурунку максималдуу элементтен чоң болсо (m өзгөрмөсүндө жайгашкан),
            анда m өзгөрмөсүндө максималдуу элементтин жаңы маанисин эстеп ка-
            лабыз.
            Массивдин элементтери бизге белгисиз болгондугуна байланыштуу m ге
            нөл же терс санды жазышыбыз керек. Эгерде ал m = a[0] болсо, анда иргөө
            цикли экинчи элементтен башталат, башкача айтканда a[1]ден:






                                                                       www.trk.kg
   58   59   60   61   62   63   64   65   66   67   68