Page 68 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 68

68              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                                                    ТИЗМЕЛЕРДИ СОРТТОО




            Pythonдун камтылган мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жылышууну оңой аткар-
            са болот:
                                         a = a[1:n] + [a[0]]

            Бул жерде a[0] биринчи элементи a[1:n] кесилип алынган массивдин артына
            коюлат. Эми ал нөлдөн эмес бирден башталып калат.
            Оң жактагы сүрөттөн биз a[0:2] үзүмү                0       1             n - 1
            0дөн 2ге чейинки бардык элемент-
            терди камтыйт, б.а.: a[0] жана a[1]ди.
                                                     Үзүмдөр:  0    1       2     n - 1    n
            Керектүү элементтерди тандоо
            Кайсы бир шартты канааттандырган a массивинин бардык элементтерин b
            массивине чогултуу керек. Ал үчүн баштапкы массивдин элементтерин иргеп,
            улам кийинки элемент бизге туура келсе, анда экинчи эсептегичти колдонуп,
            аны жаңы массивге кошобуз. Мисалы, 2-тизмеге так сандарды чогулталы:

            a = [16, 29, -5, -11, 23, 14, -7, 23, 18]
            b = []
            for x in a:
                if x % 2 == 0:
                    b.append(x)
            print(b)
            >>>
            [16, 14, 18]
            Чыгаруунун экинчи варианты – шарты менен генераторду колдонуу:

            a = [16, 29, -5, -11, 23, 14, -7, 23, 18]
            b = [x for x in a if x % 2 == 0]
            print(b)
            Бул жерде b тизмесине 2ге гана бөлүнгөн элементтер тандалды.


                  КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:


                  1) Массивди (0, 20) интервалындагы кокустук сандар менен тол-
                  тургула. Х санын киргизгиле жана Хке барабар бардык маанилер-
                  ди тапкыла.
                  2) N элементтен турган сан маанисиндеги бир өлчөмдүү массив
                  берилген. Массивдин элементтерин оң жакка айланма жылдыруу-
                  ну аткар, б.а. a(1) ­­> a(2); a(2) ­­> a(3); ... a(n) ­­> a(1).






                                                                       www.trk.kg
   63   64   65   66   67   68   69   70   71   72   73